Жаңылыктар
КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеоконференция байланыш форматында КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

Анда эл аралык, регионалдык көйгөйлөр жана ар түрдүү багыттар боюнча Шериктештиктин алкагында, анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуулар болду. Министрлердин негизги көңүлү КМШ мамлекеттеринин башчылар кеңешинин алдыда боло турган жыйынынын күн тартибине бурулду. Атап айтканда КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына карата, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташуу тууралуу КМШ мамлекеттеринин башчыларынын биргелешкен долбоорун жактырышты. 

Андан тышкары КМШны мындан ары өнүктүрүү концепциясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын, Аскердик кызматташуунун концепциясынын жана чек ара коопсуздугун бекемдөөдө Кызматташуу программасынын долбоорлору жактырылды. Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү 2021-жылга КМШнын алкагында көп деңгээлдик ТИМдер аралык консультациялардын планын бекитишти. Руслан Казакбаев өз сөзүндө пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңүү үчүн Шериктештиктин болгон дараметин натыйжалуу пайдаланууга чакырды жана жаңы вирустун вакцинасы менен адамдарды толук жана жетиштүү камсыздоо үчүн биргелешкен комплекстүү аракеттер болооруна ишеничин билдирди. 

Министр КМШнын алкагында Эркин соода-сатык аймагы жөнүндө келишимди мындан ары ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдөрдүн үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле үзгүлтүксүз авиакаттамдарды акырындык менен кайра жаңылоо жана эмгек ресурстарын айкалыштыруу жолу менен соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кийинки жыйыны Россия Федерациясында 2021-жылдын 2-апрелинде өтмөй болду.