Жаңылыктар
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы 1,5-2% га чейин өсөт
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы 1,5-2% га чейин өсөт

Республиканын нефтетрейдерлери республиканы керектүү көлөмдө күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоону улантышууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында республикага жалпысынан 983,6 миң тонна мунай заттары импорттолгон.

Импорттолгон продукцияларга төмөнкүлөр кирет: бензин - 459,8 миң тонна; дизелдик отун - 523,8 миң тонна.

Нефтетрейдерлер тартыштыкка жол бербей, республиканын күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толугу менен жаба тургандыктарын билдиришти.

Импортко көз каранды өлкөлөрдүн арасында арзан күйүүчү май боюнча Кыргызстан биринчи орунда экени белгиленди. Ошол эле учурда дүйнөдө бензиндин орточо баасы литрине 0,99 долларды түзсө, Кыргызстанда 0,44 долларды түзөт.

Эске салсак, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баалары декабрь айында 1,5-2% га жогорулашы мүмкүн. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баалардын өсүшүн көзөмөлгө алат.