Москва жана Бишкек шаарларында тегерек столдор уюштурулду. Форумга Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Россиянын Химиялык технологиялар университетинин окутуучулары, Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле коноктор келген. Иш-чарага ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин дипломаттары дагы катышты.
Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты жана техногендик цивилизациянын заманбап чакырыктары, Чыңгыз Айтматов - жазуучу, гуманист, Дүйнөнүн жараны аттуу жыйындар уюштурулду. Форумдун алкагында Шериктеш мамлекеттердин тилдеринде Айтматовдун адабий чыгармасын окугандар үчүн ЖОЖдор аралык интерактивдик сынак; «буктрейлерлер»; Интерактивдүү адабий жана музыкалык композициялар номинациялары боюнча чыгармачыл сынак уюштурулган.