Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгү, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат. Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба Республикасы менен Өзбекстан Республикасына берүү маселеси да каралат. Жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.