Аламүдүн РИИБнө Т.А. аттуу жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылып, Лебединовка айылында жайгашкан турак үйдү курулушу үчүн жер тилкесин сатуу шылтоосу менен 2019-жылдын башында ишенимге кирип, чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган, накталай 6200 АКШ долларын жана 86 500 сомду түзгөн акчасын алып, жер тилкесин же акчаны бербей, белгисиз тарапка качып жүргөнүн маалымдаган. Бул туралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт Аламүдүн районунун КЖБР катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204 (алдамчылык) фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 29 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.