Жаңылыктар
Жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо иши талдоого алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо иши талдоого алынат

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо ишин талдоого алууну тапшырды. 

Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине берилди. Вице-премьер-министр белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы жеке ооруканалардын биринде дарылануу жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ооруканага которулган 9 адамдын 8и каза болгондугу, абалды көзөмөлгө алып жана талдоого алуу зарылдыгынан кабар берет. Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигин жеке медициналык мекемелерди көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн сынга алды. 

«Жарандарды дарылоодогу ыкмаларды жана расмий протоколдорду көзөмөлдөө талапка ылайык жүргүзүлбөй жатат. Жалал-Абад облусундагы окуя кайталанбашы керек. Саламаттык сактоо министрлиги абалды көзөмөлгө алууга тийиш. Бул маселеде шалаакылык жол берилбеши керек, мындан жарандарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү көз каранды», - деди Эльвира Сурабалдиева. 

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы министрликтин координаторлоруна ишинде кетирген кемчиликтери үчүн тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо тапшырмасы да берилди.