Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-декабрь күнү саат 19:06да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында 2,5 балл, Сары-Таш, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.