Кесиптик кошуундар федерациясында талаш-тартыш токтой элек. Аймактардан ондогон санаторий жана курорт кызматкерлери Бишкекке келип, кесиптик кошуун кеңешинин мүчөлөрүнө федерация төрагасын бекитип, айлык маселесин чечип берүү талабын коюп кат жазышкан.
Бирок жыйналышка 29 адамдан турган кеңештин курамынан 14 мүчө келип, кворум болгон жок. Иш-чарага депутаттар дагы катышты. Жыйынтыгында 4 күндөн бери жооп күтүп келген 100дөн ашык кызматкер жана ондон ашык кесиптик кошуун кеңешинин мүчөсү жумушунан четтетилген федерация төрагасы Мирбек Асанакуновду бөлмөнүн бирине отургузуп, жетекчи кылып шайлашты.
Эскерте кетсек, Мирбек Асанакунов февраль айында кызматтан алынып, учурда төраганын иш бөлмөсү бек турат. Нааразы болуп борборго чогулган адамдар 8-10 айдан бери айлык ала электигин айтып, маселени чечүү талабын коюшту.
“Эки тарап каршылашып жатып, кесиптик кошуунда ушундай абал түзүлдү. Чогулгандар укуктук талаага келишин талап кылууда. Алар эмнеге нааразы: февралда кворум болбой, төрага кызматтан алынган, анда 14 кеңештин мүчөсү катышкан, айрымдары ишеним кат менен добуш берген. Добуш берүү туура эмес экени сотто далилденип, азыр тергөө жүрүп жатат. 8 айдан ашык айлык албаган кызматкерлер талап коюп, Мирбек Асанакунов ордуна келип, айлык маселесин чечип берсин деп жатышат", - "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева.