Жаңылыктар
Ыктыярдуу декларация боюнча мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Ыктыярдуу декларация боюнча мыйзамга кол коюлду

1-январдан тартып жеке адамдар мүлкү жана кирешеси тууралуу ыктыярдуу декларация тапшыра алат. Тиешелүү мыйзамга Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду. Бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн көрүлгөн чаралардын бири. Ага ылайык кирешесин жашырып жүргөн тараптар аларды ачыкка чыгарып, мыйзамдаштыра алат.

Кыргызстандын экономикасынын дээрлик тең жарымына жакыны көмүскөдө экени айтылып жүрөт. Бул айрыкча салыкка байланыштуу жаралган маселе. Кирешесин жашыргандар тапкан каражатына сатып алынган мүлктөрдү да ачыкка чыгара албайт. Эми аларга бир жылдык мөөнөт берилди. 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жеке тараптар ыктыярдуу декларация тапшырса болот. Буга чейин тапканын мыйзамдаштырып, андан ары ачык иш алып барышы керек.