Улгайган адамдардын узак жана бейпил жашоосуна шарт түзүү зарыл. Ал үчүн жаңы программа иштеп чыгуу зарыл дейт адистер. Буга карата “Ковид-19 пандемиясы учурундагы улгайган адамдардын медико-социалдык көйгөйлөрү” иш-чарасы Бишкек шаарында өттү. Ага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер, окумуштуулар, коомдук фонддордун өкүлдөрү жана ыктыярчылар катышты.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Нурлан Бримкулов менен 73 жаштагы Зинаида Лебедева сергек жашоону жактырат. Экөө тең көп кыймылдап, туура тамактангандыгынан улам, оорудан оолак. Адам узак жашаш үчүн чылым чегүү, арак ичүү сыяктуу зыяндуу сапаттардан жана жаман ойлордон арылышы керектигин айтышат.