Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбооруна камтыган өзгөртүү-толуктоолорду атайын жумушчу топ текшерип чыгат. Конституциянын тексти лингвистикалык текшерүүдөн да өтөт. Буга атайын жумушчу топтор түзүлүп, алар бүгүн ишин баштады. Ал эми Конституциялык кеңешме келген ар бир сунуш- пикирди талкуулап жатат.
Конституциялык кеңешме бул жолку жалпы жыйында бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, адам укуктары, кен байлыктарды пайдалануу, ошондой эле курултай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук милдеттери боюнча маселелерди талкуулады. Бул темалар буга чейин кеңешменин секциялардагы жыйындарында талкууланганына карабастан, азыркыга чейин сунуш пикирлер түшүүдө.