Дал ушул адам укуктары жана эркиндиктерине учурда талкууланып жаткан Баш мыйзамдын долбоорунда өзгөчө көңүл бурулууда. Анда адамдын билим алуусу, медициналык кызмат көрсөтүү, пенсиялык камсыздоо жана башка укуктары камтылууда.
Баш мыйзамда адам укуктары кенен жазылганы менен көп учурда адамдын саясий укуктарына басым жасалып келгенин адистер айтышат. Болбосо өлкөнүн негизги документинде жарандын социалдык, экономикалык укуктары да кенен камтылышы керек эле. Сунушталып жаткан жаңы долбоордо болсо дал ушуга басып коюлуп жатат.
Баш мыйзамдын өзүндө Кыргызстан эгемен, демократиялуу, унитардык, укуктук, социалдык жана светтик мамлекет деп жазылган. Ушул сөздөрдүн ичинен социалдык дегенин бөлүп карай турган болсок, мамлекет канчалык деңгээлде жарандарга социалдык камкордук кылууда? Мамлекет кепилдеген төлөмдөр жан багууга жетеби? Өлкө өз жарандарын жумуш менен камсыздап жатабы? Азыр талкууланып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда социалдык камкордукка байланышкан орчундуу сунуш бар.
Жаңы редакцияда адам укуктарына байланышкан беренелердин көбү эл аралык келишимдерге, декларацияларга, конвенцияларга жана пактыларга шайкеш келет. Адам укуктарына байланышкан бөлүм негизинен көп өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Тескерисинче дагы да күчөтүлүп, толукталды.