Жаңылыктар
"Кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге кенемте төлөнбөй жатат
Кыргызстан жаңылыктары
 "Кызыл зонада" иштеген  дарыгерлерге кенемте төлөнбөй жатат

Кыргызстанда "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер кенемте ала алышпайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев коррупция маселеси боюнча координациялык кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, медициналык кызматкерлер Коопсуздук кеңешине арыз менен кайрылып жатышат.

Далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасованын айтымында, учурда жабык мекемелерде иштеген аскер кызматкерлери, карапайым адамдар жана дарыгерлер кенемте ала элек.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 608 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышкан. Алардын ар бирине 200 миң сомдон төлөнгөн. Мындан тышкары, каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 миллион сомдон берилди.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3 миң 986, алардын 3 миң 695и айыккан.