Жаңылыктар
Прокуратура органдары тарабынан саламаттыкты сактоо мекемелеринде 693 мыйзам бузуу аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Прокуратура органдары тарабынан саламаттыкты сактоо мекемелеринде 693 мыйзам бузуу аныкталды

Прокуратура органдары COVID-19 инфекциясынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу саламаттыкты сактоо мекемелеринде 693 мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов билдирди. 

Айтымында, прокуратура органдарынын ушул жылдагы ишмердүүлүгү негизинен коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон коррупциялык укук бузууларды аныктоого багытталган. 

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн көпчүлүгү саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлүп, натыйжада 693 бузуу аныкталып, 369 акт түзүлдү. Тартип жоопкерчиликке 314 кызматкер тартылса, мамлекеттик бюджетке 8 млн 331 миң 383 сом кайтарылды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.