Жаңылыктар
Саламаттыкты сактоо министрлиги: COVID-19 менен күрөшүү үчүн ооруканалар курулуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттыкты сактоо министрлиги:  COVID-19 менен күрөшүү үчүн  ооруканалар курулуп жатат

Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйын өтүп жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында департамент төрт долбоорду ишке ашырып жаткандыгын, анын алкагында ооруканалар курулуп жаткандыгын айтты.

“Учурда Бишкек шаарында 100 орундуу оорукана курулуп бүттү. Ош шаарында инфекциялык оорукананын курулушу аяктап, медициналык мекемеге баруучу жолдордун курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле, Нарын шаарына 75 орундуу оорукана куруп жатабыз. Анын курулушу 85 пайызга бүттү”, - деди ал.