Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык балатылар болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмү билдирди.
Алардын айтымында, департамент мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан 1000 баланы куттуктоону пландаштырууда. Учурда жаңы жылдык белектерге тендер жарыяланды. Райондук администрациялар дагы каттоодо турган балдарды куттукташат.
Жалпы гигиена боюнча санитардык дарыгер Төлөн Исаков кыргызстандыктарга майрамдык салтанаттардан жана корпоративдик кечелерден алыс болууну сунуштайт.