Жаңылыктар
Депутат Акылбек Жапаровдун аялы салыктан жашырган акчаны төктү
Кыргызстан жаңылыктары
Депутат Акылбек Жапаровдун аялы салыктан жашырган акчаны төктү

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова ээлик кылган компаниялар салык жашырып келгени аныкталып, бюджетке 200 млн. сом төгүп берди. 

Бул тууралуу коррупцияга каршы туруу боюнча Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кенештин жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди. Ал буга чейин төгүлбөй келген салыктарды өндүрүү иштери улантыла турганын билдирди. Маалыматтарга караганда, Анара Жапаровага «МИС» ишканасы жана башка компаниялар карайт.