Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен Руслан Казакбаев Кыргызстанда иш алып барган бир катар казакстандык жана өзбекстандык компаниялардын өкүлдөрү, элчилери менен жолукту.
Министр өз сөзүндө эки өлкө менен болгон достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалап, быйыл баардык мамлекеттер үчүн татаал жыл болгондугун белгиледи. Ошондой эле Казакбаев жыл ичинде Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын төмөндөгөнүн белгилеп, өлкөдө ички саясий абалдын турукташкандыгын жана чет элдик компаниялардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, алардын мүлкүнүн сакталышы үчүн бийлик тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпейисов Казакстандын инвестицияларынын Кыргызстандын экономикасындагы ордун жана салымын белгилеп, ишкердик климатты жакшыртууга үмүт артып, Казакстан тараптан түз инвестициялар жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын билдирди. Ал эми Өзбекстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдуяминов Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө инвестицияларды тартуу жана сооданы илгерилетүү маселелери менен алектенген экономикалык дипломатия департаменти түзүлгөнүн билдирди.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин чечүү жана алдыга жылдыруу үчүн иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасын улантууга макулдашышты.