Кытай тараптын демилгеси менен бүгүн, 10-декабрда, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайларынан автоунааларды да, адамдарды да өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматта бул кадамды Кытай тарап техникалык себептен улам жасагандыгы айтылат. Чек арадан ары-бери каттоо эртең, 11-декабрда, саат 11:00дө кайра калыбына келээри кабарланды.