Жаңылыктар
Быйыл өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды

Ушул жылдын тогуз айында былтыркы жылга салыштырмалуу ушул мезгилине салыштырмалуу чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды жана 398,4 млн долларды түздү. 

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. 

Аны менен бирге инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого 3,5 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө 21,3 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга 8,9 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына 9,5 пайызга, иштетүү өндүрүш ишканаларына 3,7 пайызга төмөндөгөн. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,5 эсеге кыскарды.