Жаңылыктар
УКМК: Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. 

Мыйзамсыз акча чогултуу фактысына байланыштуу Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевдин тиешеси бар экендиги такталды. Ал 7-декабрда чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.