Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапары менен барды. 10-январга белгиленген Президентти мөөнөтүнөн шайлоого карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында, облус активи менен жолукту.
Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына, шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен камсыз кылуу, кошумча генераторлорду коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү, аймактык шайлоо комиссияларына уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырылды. Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 203 адамды түзүүдө.
“Өкмөттүн чыгарган токтомуна ылайык бизде борбордук штаб түзүлгөн. Ошол штаб ар бир облуста дагы түзүлгөн. Ошол ар бир областты кыдырып өтүп, ЖӨАБ жана башкаруу бийликтеринин бүт жетекчилери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы коюлган талаптарды түшүндүрүп, аларга талаптарды коюп, буйруктарды берип, уюуштуруу иштеринин кандай өтүп атканын текшерүү максатында бул жакта жүрүп жатабыз”,- деди вице-премьер-министр Максат Мамытканов.