Жаңылыктар
Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоого багытталган жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоого багытталган жыйын өттү

Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоонун алкагында "Жаңы Конституцияны калыптандыруу менен мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо" аталышында жыйын өттү. 

Иш-чаранын максаты - жаңы Конституцияны кабыл алуу шартында өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумун өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүүдөгү жолдорун талкуулоо. Жыйынга келгендер облус, район жетекчилеринин милдеттери жана укуктары, айрым аймактарды бириктирүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу бир катар маселелерди карап чыкты. Эми алар социалдык тармактарга бардык айтылган сунуштарды жарыялап, элдин колдоосуна ээ болгон өзгөрүүлөрдү Конституциялык кеңешменин кароосуна жөнөтөт.