29-декабрга чейин ар бир жаран өзү жашаган аймак боюнча шайлоо тилкесине илинген тизмеден өзүн текшерсе болот. Мындан сырткары текшерүү электрондук негизде да жүргүзүлөт. Азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясында президенттик шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө.