Жаңылыктар
Кыргыз-орус алакасын тереңдетүү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-орус алакасын тереңдетүү

Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Төраганын Москвага болгон иш сапарынан соң айтылды. Жумуш сапардын алкагында Талант Мамытов башка да бир катар жолугушууларды өткөрдү. Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык жана парламенттер аралык алаканын алкагында кыргыз-орус мамилесин арттыруу талкууга алынды. Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен да жолугушту.