Кыргызстандагы агартуу тармагында санарип билим берүүнү өнүктүрүү жолдорун талкуулаган онлайн-конференция болуп өттү.
Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы уюштурган иш-чарага катышууга өлкөдөгү гана эмес Россия, Казакстан, Украина, Беларусь, Түркия жана башка мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын окутуучулары, илимпоздору, илимий-изилдөө институттарынын адистери, мектеп жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрү чакырылган.
Конференциянын максаты - Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде санарип билим берүү боюнча топтолгон практикалык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрдү кеңири жайылтуу, окуу процессине маалыматтык жана компьютердик технологияларды ишке ашыруу.