Жаңылыктар
Райымбек Матраимов экономикалык мунапыстын алкагында депозиттик эсепке акча которду
Кыргызстан жаңылыктары
Райымбек Матраимов экономикалык мунапыстын алкагында депозиттик эсепке акча которду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экономикалык мунапыстын алкагында Каржы министрлигинин депозиттик эсебине 9-декабрга карата жалпы 807,3 млн сом которду. 

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, экономикалык мунапыстын алкагында ачылган депозиттик эсепке 9-декабрга карата жалпы 912,1 млн сом түштү. "Ал эми кечээ, 8-декабрга карата эсепке жалпы 872,1 млн сом түшсө, анын 773,4 млн сому Матраимов тарабынан которулган", - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 21-октябрда Садыр Жапаров Кыргызстанда 30 күндүк экономикалык мунапыс жарыяланган. 

20-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын имаратына алынып келинген. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Матраимовдун кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. Ал алгач 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгон.