Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу. Бул максатта Бишкек ЖЭБинде көрүлгөн даярдыктар менен Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев таанышып чыкты.
Учурда жылуулук электр борборунун кампасында 296 миң тонна көмүрдүн кору бар. Ошондой эле өлкө аймагындагы бардык ири жана чакан ГЭСтер калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга даяр. Айтсак, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл 13 млрд кубометрди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд кубометрге аз топтолгон. Муну адистер кыштын эрте келиши менен түшүндүрүүдө.