Жаңылыктар
Артем Новиков «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган. 

Жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин м.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.