Жаңылыктар
Кыргызстанда 289 бала бакча реалдуу режимде иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 289 бала бакча реалдуу режимде иштейт

2020-жылдын декабрь айына карата жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтары боюнча республикада 289 мектепке чейинки билим берүү уюмдары реалдуу режимде иштешет, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев.

Анын ичинен 137си мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, 3ү ведомстволук, 151и жеке менчик.

Аймак боюнча:

Жалал-Абад облусунда - 3 муниципалдык, 1 ведомстволук, 17 жеке,

Ош облусунда - 61 мамлекеттик жана муниципалдык, 18 жеке,

Баткен облусунда - 53 муниципалдык, 21 жеке,

Чүй облусунда - 18 муниципалдык, 43 жеке,

Бишкек шаарында - 52 жеке жана 2 ведомстволук.

Үсөналиевдин айтымында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын билим берүү бөлүмдөрү, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору тарабынан мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жайларды дезинфекциялоо жана санитардык-дезинфекциялык каражаттарды сатып алуу боюнча, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын толук кандуу иштөөгө даярдоо боюнча иштер улантылууда.