Жаңылыктар
MegaCom 2020-жылы бюджетке 885,4 миллион сомдон ашык каражат которгон
Кыргызстан жаңылыктары
MegaCom 2020-жылы бюджетке 885,4 миллион сомдон ашык каражат которгон

“Альфа Телеком” ЖАК (MegaCom соода маркасы) Tazabekтин 2020-жылдын 8-декабрында жарыялаган “10 ай ичинде MegaComдун бюджетке чегерүүлөрү 6 эсе азайды” деген макаласында жарыяланган маалыматты четке кагат.

Көрсөтүлгөн маалымат каражаттарында, тиешелүүлүгүнө жараша, 2019 жана 2020-жылдын 10 айында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чегерилген жана төлөнүүчү милдеттенмелер жөнүндө толук эмес маалыматтар жарыяланганда, "Альфа Телеком" ЖАК төмөнкүлөрдү билдирет:

2020-жылдын 10 айында компания 655 миллион 760 миң сом суммасында салык милдеттенмелерин чегерген (2019-жылдын 10 айындагы көрсөткүчтүн 84,5 пайызы), камсыздандыруу төгүмдөрү - 229 миллион 700 миң сом (113,8 пайыз), башкача айтканда бардыгы болуп - 885 миллион 460 миң сом (90,6 пайыз).

"Альфа Телеком" ЖАК бардык милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толук көлөмдө төлөнгөндүгүн баса белгилейт.

MegaCom уюлдук оператору Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына коомчулукту адаштырган жана ишкердик беделине терс таасирин тийгизген жалган маалыматтарды бербөө үчүн, Альфа Телеком ЖАК тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептелген жана төлөнө турган милдеттенмелер жөнүндө ишенимдүү жана объективдүү маалыматтарды жарыялоо өтүнүчү менен кайрылат.