Жаңылыктар
БШК эл аралык байкоочуларды каттоодон өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
БШК эл аралык байкоочуларды каттоодон өткөрдү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 7-декабрдагы жыйналышында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ, ДИАУБдун 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

Ага ылайык, 7-декабрга карата БШК дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү.