Жогорку Кеңеш башкаруу формасын тандоо боюнча Президенттик шайлоо менен чогу референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Эске салсак, парламенттин өткөн аптадагы отурумунда кворум болбой калгандыктан добуш берүүнү кийинкиге калтырышкан. Парламенттик же президенттик башкарууну аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорунун демигеси депутат Акылбек Жапаров. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуштаганын маалымдаган.