Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыра элек. Республикалык штабдын маалыматына караганда, соңку бир күндө коронавирус 322 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду.
Каза болгондордун бири Бишкек шаарынын, дагы бири Ош облусунун тургуну. Ошентип пандемия башталгандан бери өлкөдө 76 миң 12 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 68 миң 367 киши айыгып чыкса, тилекке каршы 1 миң 303 адам каза болду.
Дарыгерлердин айтымында, коронавируска чалдыгып, оор абалда жаткан бейтаптардын саны көбөйүүдө. Бирок пандемия башталган мезгилге салыштырмалуу азыраак. Ошентсе да адистер коронавирус жуктуруп албоо үчүн санитардык эрежелерди сактоого жана дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча дарыланбоого чакырышат.