Кыргызстанда сасык тумоо менен оорунун эң жогорку чеги декабрдын аягында - январда күтүлөт. Мындай божомолду Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген. Министрликтин маалыматы боюнча, сасык тумоо менен оорунун көбөйүшү декабрь айынан баштап белгиленип, декабрь айынын аягында жана январда оорунун жогорку чегине жеткен.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 49-жумада 30-ноябрдан 6-декабрга чейин өткөн жумага салыштырмалуу (23-ноябрдан 29-ноябрга чейин 48-жума), курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10,3% төмөндөшү байкалууда.
Ошентип, 2706 учурга карата 2430 учур катталып, 2019-жылдын ушул жумасына салыштырмалуу оору 2 эсе төмөн (өткөн жылы 4931 учур).