Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды.
«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», - деди Эльвира Сурабалдиева.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.
Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып ооруканага түшкөн. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылууда. Баары тең түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Балдардын абалы учурда салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда. Ушул тапта окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталды.