Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду 25-декабрга чейин карашат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду 25-декабрга чейин карашат

2020-жылдын 25-декабрына чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бир катар маселелер каралат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Артем Новиков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жолугушуусунда айтылды.

Жакынкы эки жумада алар биргелешкен кызматташуунун конкреттүү иш-аракеттерин, багыттарын жана шарттарын аныктаган өнөр жай кооперациясы долбоорлорун талкуулашат. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын бардык спектрин талкуулашты.

“Өлкөлөрдүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн эл аралык ташууларды кошкондо, транспорттук индустрияны өнүктүрүү маселелери каралды. Тараптар биргелешкен соода, логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Финансылык кызматташтык жөнүндө мурда кол коюлган келишимдин алкагында, уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун жана бажы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюу боюнча макулдашууга жеишишти», - деп айтылат билдирүүдө.