Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.