Жаңылыктар
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Москвадагы мекендештер менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Москвадагы мекендештер менен жолугушту

Москвада Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мекендештер менен жолугушту. Андагы суроо-жооптор эки сааттан ашык убакытка созулду. Төрага сапарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. 

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Москвага болгон иш сапары, мекендештерге жолугушуу менен аяктады. Ал келгендерге эки күндүк жолугуушулардын жыйынтыгы жөнүндө айтып берди. Бүгүнкү күндө жарандарды биринчи кезекте Кыргызстанга кетүү жана кайра кайтуу маселеси тынчсыздандырууда. Бул боюнча өлкө жетекчилигинде жакшы жаңылыктар бар экени белгилүү болду.

Ушул убакка чейин "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпаниялары гана туруктуу каттамдарды ишке ашырып келди. Каттамдар аз, билеттер кымбат, анан дагы оңой менен сатып ала албайсың. Буга кошумча Россияга кайтып келүүдө жүйөлүү себептер талап кылынганы. Мамытов бул маселе боюнча дагы иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.