Жаңылыктар
Пандемия шартында бардык мектептер санитардык талаптарды так сактоо менен иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемия шартында бардык мектептер санитардык талаптарды так сактоо менен иштөөдө

Азыркы тапта пандемия шартында иштеп жаткан мектептер бардык санитардык ченемдерди сактоо менен иш алып барууда. Алардын толук кандуу ишке кириши өлкөдөгү вирустун басаңдашына байланыштуу болот. Бул тууралуу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди. 

Учурда 1 миң 843 мектеп кадимки тартипте иштеп жатат. Бул арада республика боюнча 289 бала бакча атайын түзүлгөн алгоритмдин негизинде ишке кирди. Мындан ары аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте маалымат берип, коопсуз болгон жерлерде мектептерди ачууга уруксат берилет.