Жаңылыктар
Конституциялык кеңешмеде ар бир сунуш пикир талкууланып, жыйынтыктоочу чечим кабыл алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык кеңешмеде ар бир сунуш пикир талкууланып, жыйынтыктоочу чечим кабыл алынууда

Конституциялык кеңешмеге келип түшкөн ар бир сунуш пикир дыкат талкуулангандан кийин жыйынтыктоочу чечим кабыл алынууда. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти. 

Азыркы учурда демократия баалуулуктары боюнча, ага катар жарандардын экономикалык, саясий социалдык жана маданий укуктары боюнча бир катар сунуштар түшүп Баш мыйзамдын жаңы редакциясына камтылды. Алардын ичинде жарандардын билим алуу укугу, пенсия жөлөк пулдун көлөмү, турак жай маселеси сыяктуу жагдайлар бар. Өлкөдө билим берүү мекемелери, анын ичинен бала бакча, мектеп жетишсиздиги да негизги көйгөйлөрдөн болуп саналат.