Пандемия маалында жабыркаган бардык ишканаларга колдоо көрсөтүлөт. Мындай пикирин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын аймагында иштеген Россиянын ишкерлери менен жолукканда билдирди. Быйыл эки тараптуу көптөгөн келишимдер ишке ашпай калгандыктан, алардын баары 2021-жылы улантылат. Аны менен бирге кыргыз тарап өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата-мекендик жана чет элдик бардык ишкерлерге колдоо көрсөтөт.