Жаңылыктар
Каржы полициясы: Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча инспектору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы полициясы: Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча инспектору кармалды

Каржы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 13 миллион сомго жакын суммадагы бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча инспектору кармалды. 

Каржы полициясынан билдиришкендей, кечээ, 7-декабрда Ош шаардык соту тарабынан инспекторго карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Буга чейин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси кармалган. 

Эскерте кетсек, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы Жоопкерчилиги чектелген коом менен Ош шаарынын Кеңсай турак жай конушуна кирүү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражатын которгон. Бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү болжол менен 13 миллион сомду түздү. Учурда ишкананын кызыкчылыгын коргогон адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.