Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан: чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Өзбекстан: чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары талкууланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Фергана шаарында Кыргыз өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда. 

Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, Өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты. 

Жыйын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарын мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.