Жаңылыктар
Кыргызстанда иштеген Россиянын ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда иштеген Россиянын ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Пандемия маалында жабыркаган бардык ишканаларга колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан Россиянын ири компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. 

Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден бери экономикалык жактан алдыга жылуусуна Россия Федерациясы чоң колдоо көрсөттү. Бажы, чек ара жана эл аралык стандарттарга жооп бере турган лабораторияларды жакшыртуу үчүн Россия 200 млн доллар каражат бөлгөн. Мындан сырткары 2020-жыл эки мамлекеттин эриш-аркак жылы деп жарыяланып бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу камтылган. 

Бирок быйылкы дүйнөлүк пандемия бул пландарды аткарууга жолтоо болуп, көпчүлүгү токтоп калды. Буга чейинки эки жылда инвестициянын көлөмү 2 млрд долларга жакындаган болсо, быйылкы жылы 800 млн долларды түздү. Ошентсе да учурда пандемия маалында токтогон бардык пландарды кайра жандандыруу боюнча эл аралык маанидеги сүйлөшүүлөр уланууда.

"Тилеке каршы Кыргызстанда экономиканын бардык тармагы аксады. Бул өңүттөн алып караганда ишканалар колдоого муктаж болуп турат. Ага чек аранын жабык турушу, ишканалардын өндүрүшүнө суроо-талаптын жоктугу себеп болду. Жабыркаган компаниялардын арасында бардык бизде иштеген чет элдик ишканалар да бар. Пандемиянын басаңдашы менен буга чейинки келишимдерди калыптандырууга жана кызматташууну улантууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Кыргыз тарап бул жактан ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорго шарт түзүүгө, пандемия маалында каатчылыктан чыгып кетүүгө колдоо көрсөтөт",- деди Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.