Соңку бир күндө 295 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 169унда вирус табылса, 126 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Айтымында, оору эң көп 65 жаштан жогору адамдар арасында катталууда, башкача айтканда, 100 миң калкка 1 560 учур туура келет. Ал эми соңку бир күндө 473 бейтап илдеттин сакайып чыккан. Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкек шаарында - 3, Ош облусунда - 1. Учурда стационарларда коронавирустан 2 миң 426 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 256 бейтап дарыланууда. “Бир күн ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.
Үй шартынан 12, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 986 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 695 медкызматкер айыгып чыкты”, - деди Акматова. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 690 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 301 адам каза болду.