Жаңылыктар
КТРКда телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКда телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата кесиптик майрамдын урматына арналып Коомдук телерадио корпорациясында да майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Ага КТРКда эмгектенген күжүрмөн кызматкерлер, журналисттер, жетекчилер жана куттуктап келген меймандар катышты. Ары татаал жана ары кызыктуу кесипти аркалап жүргөн кызматкерлерди КТРКнын Коомдук Байкоочу кеңешинин төрагасы жана каналдын жетекчилиги куттуктап иштериндеийгилик, бакубат жашоо каалады. 

Жоопкерчиликтүү ишти талбай аркалап келе жаткан мыкты кызматкерлер сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле КТРКнын өзүнө “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү, ал эми аймактагы чыгармачыл топторго “Хонда СРВ” маркасындагы унаалар тапшырылды.