Жаңылыктар
Кыргыз опера жана балет театры Кыдырбек Чодроновдун 100 жылдыгына карата концертке чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз опера жана балет театры Кыдырбек Чодроновдун 100 жылдыгына карата концертке чакырат

Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыдырбек Чодроновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган опера солисттеринин концерти 13-декабрда Малахит залында болот. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынан билдиришти.

Сахнага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Гүлнур Ниязбаева, Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, эл аралык сынактардын лауреаттары Глеб Ким, Орозбек Бакытов, Бакыт Алмабеков жана башкалар чыгышат. Концертмейстерлер: КРнын Эмгек сиңирген артисти Юлия Бабич, Набира Жаксалиева, Нуржан Токтобекова. Режиссёру Найла Рахмадиева.

Кыдырбек Чодронов 1920-жылы туулган. Ал 1938-жылы чыгармачыл ишмердигин келечектеги опера жана балет театрынын негизи болгон Кыргыз музыкалык драма театрына хор артисти катары кабыл алуу менен баштаган. 50 жылдык чыгармачыл ишмердүүлүгүндө ал улуттук, орус жана чет элдик классиктердин спектаклдеринде 50дөн ашык каармандарды жараткан. 

Кыдырбек Чодронов өзүн чыгармачыл ой жүгүрткөн, билимдүү режиссер катары көрсөттү. Муну Узеир Хажибейовдун "Аршин Мал-Алан", Акмат Аманбаевдин "Бойдоктор", "Абайлагыла, Келин!" Насыр Давлесов, Сатылган Осмоновдун "Сепил" спектаклдеринин коюлушу тастыктап турат. Профессионалдык музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ал Эмгек Кызыл Туу, "Элдердин достугу" ордендери менен сыйланган жана 1958-жылы "Кыргыз ССРинин Эл артисти" деген жогорку наамга ээ болгон.

Ал Токтогул (1961) тасмасында Токтогулдун ролун аткарган. "Өнөргө жол" (Фрунзе, 1970) китебинин автору.