Коронавирустан айыгып чыккан бейтаптардын көпчүлүгүндө оорунун залалдары калып, узакка чейин кетпейт. Мындай билдирүүнү Пекиндеги Кытай-Япон достук ооруканасынын респиратордук оорулар борборунун директору Цао Бинь билдирди. Медициналык топ жүргүзгөн изилдөөгө таянсак, коронавирустан сакайып чыккан бейтаптардын 70 пайызында оорунун ар кандай белгилери байкалган. Ошол эле учурда Кыргызстанда коронавирустан абалы оорлошкон бейтаптар көбөйүүдө.
Медициналык топ Ухань шаарындагы Цзиньинтань госпиталынан чыгарылган 1700 бейтапка изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында, коронавирустан айыгып чыккандардын 70% ында чарчоо, уйкунун бузулушу, муундардын оорусу, тамакка болгон табиттин жоголушу сыяктуу белгилер байкалган. Буга байланыштуу дарыгерлер вирус жуктуруп алуудан сак болууга жана дарыгерлердин көзөмөлү жок өз алдынча дарылоонбого чакырат.
Өлкөдө эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон. Соңку учурларда коронавирус жуктуруп алгандардын саны эле эмес, оору оорлошкон бейтаптар да көбөйүүдө. Пандемия башталгандан бери кооптуу тумоого чалдыккандардын саны 75 миңден ашты. Алардын ичинен 67 миң 400 киши айыгып чыкса, 1 миң 297 адам каза болду.
Тилекке каршы, акыркы бир күндүн ичинде дагы эки бейтап коронавирустан кайтыш болду. Каза болгондордун бири Бишкек шаарынын, экинчиси Чүй облусунун тургуну. Ошол эле учурда 407 адам вирусту жеңген. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, дарыгерлер санитардык эрежелерди так сактоого чакырып, коомдук жайларда сөзсүз бет кап тагынууну эскертишет.