Жаңылыктар
БШК байкоочуларды каттоодо
Кыргызстан жаңылыктары
БШК байкоочуларды каттоодо

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык серепчилерди аккредитациядан өткөрүүдө. 6-декабрга карата дүйнөнүн жети өлкөсүнөн 6 эл аралык уюмдун өкүлү, же 43 киши катталды. Боршайкомдон билдиришкендей бул акыркы тизме эмес. 

Шайлоонун мөөнөтү белгиленгенден кийин эл аралык байкоочуларды президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн чакыруусу менен Боршайком каттайт. Азырынча дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн, 6 эл аралык уюмдан 43 киши каттоодон өттү. Боршайкомдон билдиришкендей, пандемияга байланыштуу байкоочулардын көп келиши күтүлбөйт. Байкоочуларды каттоо өнөктүгү 6-январга чейин уланат.

Ошондой эле президенттик шайлоого көз салуу үчүн өлкөдөгү коммерциялык эмес уюмдар каттала алат. Байкоо жүргүзүүгө ниети бар уюм, арыз жана мамлекеттик каттоодо тургандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн Боршайкомго жана аймактык шайлоо комиссиясына жиберүүгө тийиш. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январь күнү эрте мененки саат 08:00дө токтойт. Мыйзамга ылайык, талапкерлер көрнөк-жарнак, массалык маалымат каражаттары, интернет басылмалар жана эл менен жолугушуу аркылуу үгүттөй алат. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым шарттар киргизилген. Боршайкомдон билдиришкендей, учурда талапкерлер чогулткан кол тамгалардын аныктыгы, документтердин мыйзамдуулугу текшерилүүдө.